# Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-февралындагы № 8 «Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылга карата келечектүү иш планын бекитүү жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-февралындагы № 8 «Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылга карата келечектүү иш планын бекитүү жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8
- Дата принятия: 20.02.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.02.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/408749>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45509/edition/898266/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.02.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-февралындагы № 8 «Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылга карата келечектүү иш планын бекитүү жөнүндө» токтому (ред. от 20.02.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/408749

---

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2018-жылдын 20-февралы № 8 «Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылга карата келечектүү иш планын бекитүү жөнүндө» 2018-жылга карата Жалал-Абад шаардык кеӊештин келечектүү иш планы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Бюджеттик Кодекстин», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» жана башка мыйзамдардын негиз кылып түзүлдү. Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысынын шаардык кеңештин 2018-жылга карата келечектүү иш планын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп чыгып, шаардык кеңештин кезектеги V cессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылга карата келечектүү иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. Жалал-Абад шаардык кеңешинин аппаратына 2018-жылга карата кабыл алынган келечектүү пландын негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

М.Тагаев

Жалал-Абад шаардык кеңешинин «20» февраль 2018-жылдагы V сессиясынын № 8- токтомуна №1-тиркеме Жалал-Абад шаардык кеңештин 2018-жылга келечектүү иш планы. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, мыйзамдарына, Жалал-Абад шаардык кеңештин регламентине жана башка укуктук ченемдик актыларга таянып 2018-жылга карата шаардык кеңештин келечектүү иш планында приоритеттик багыты катары төмөнкүлөрдү эсептейт:

Жергиликтүү бюджетти бекитүү, анын аткаруусун көзөмөлдөө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жергиликтүү салыктарды, төлөмдөрдү жана жыйымдардын төлөнүшүнө көзөмөл жүргүзүү; Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигин эффективдүү пайдаланууну көзөмөлдөө; Шаардын социалдык – экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасынын аткарылышын көзөмөлдөө; Жалал-Абад шаарынын сырткы архитектуралык абалы жөнүндө.

№

Иш чаранын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

I. Шаардык Кеңештин сессиясында каралуучу маселелер

1.

Шаардык кеңештин 2018-жылга келечектүү иш планын бекитүү;

2018-жылдын I-кварталы

М.Тагаев (төрага)

Б.Беркбаева (жоопту катчы)

2.

Жалал-Абад шаарынын 2018-жылга шаардык бюджетинин түзүлүшүн бекитүү жана 2017-2018-ж.ж. бюджетинин божомол (прогноз) көрсөткүчтөрүн кароо жөнүндө;

2018-жыл Февраль

Шаардык финансы бөлүмү, шааардык салык кызматы, бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссия

3.

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдын аткарылышын угуу жана бекитүү;

2018-жыл Март

Шаардык финансы бөлүмү, шааардык салык кызматы, бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы, мэрия жана анын структуралык бөлүмдөрү, бюджеттик мекеме-ишканалар.

4.

Жалал-Абад шаарынын аймагындагы коомдук тамактануучу жайлардын, базарлардын санитардык абалы, базарларда сатылуучу азыктардын санитардык-гигиеналык ченемдеринин сакталышы жөнүндө

2018-жылдын II-кварталы апрель

Социалдык, укуктук маселелер, Регламент, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар, партиялар менен байланышуу боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы, керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти, СЭС

5.

Капиталдык курулуш департаментинин жана коммуналдык чарба департаментинин ишмердүүлүгү жөнүндө

2018-жылдын III-кварталы

Курулуш коммуналдык чарба, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссия, ММБК

6.

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2016-2017-жылы кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө

2018-жыл сентябрь

Туруктуу комиссиялар,аткаруу бийлиги, шаардагы мекеме-ишканалары

7.

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусун уюштуруу

2018-жылдын Сентябрь-октябрь

Шаардык кеӊештин аппараты, мэрия, аймактык башкаруулар

8.

Шаардын базарларынын жана соода түйүндөрүнүн жалпы абалы жөнүндө

2018-жыл апрель

Өнөр-жай, ишмердүүлүк, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясы, мэрия, керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти

9.

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруучу мекеме-ишканалардын, салык инспекциясынын бюджетти толтуруу боюнча ишмердүүлүгүн кароо

2018-жылдын сентябрь октябрь

Бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссия, ММБК, керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти, шаардык салык кызматы

10.

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын аткарылышын угуу жана бекитүү;

2018-жыл октябрь

Шаардык финансы бөлүмү, шааардык салык кызматы, бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы, мэрия жана анын структуралык бөлүмдөрү, бюджеттик мекеме-ишканалар.

11.

Шаардык кеңештин төрагасынын аткарган иштери боюнча маалыматын угуу

2018-жылдын декабрь

Шаардык кеңештин төрагасы

Шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иштери

12.

Шаардык кеңештин сессиясын даярдоо, туруктуу комиссиялардын отурумдарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштери

Планга ылайык

Шаардык кеңештин аппараты

13.

Туруктуу комиссияларга, аймактык депутаттык топторго иш план түзүү жана ишти уюштуруу боюнча усулдук жана практикалык жардам көрсөтүү

Ар дайым

Шаардык кеңештин аппараты

14.

Ч. Айтматов, Достук, Спутник, Курманбек, Тайгараев аймактык башкармаларынын ишине усулдук жана практикалык жардам берүү

Ар дайым

Шаардык кеңештин аппараты

15.

Депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин семинар-тренингдерге, коомдук иш чараларга катышуусун камсыздоо

Зарылдыкка жараша

Шаардык кеңештин аппараты

16.

Шаардык кеңешке түшкөн арыз, каттар жана документтер менен иштөө

Ар дайым

Шаардык кеңештин аппараты

17.

23-февраль, 8-март, Нооруз, 9-май жеңиш күнүн, Эгемендүүлүк күнүн, улгайган адамдар күнүн, шаар күнүн, майыптар күнүн, Жаңы жыл майрамын өткөрүү боюнча уюштуруу иштерине катышуу

Календарь боюнча

Шаардык кеңештин аппараты

Шаардык кеңештин жооптуу катчысы

Б.Беркбаева
