# Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 20-февралындагы № 4 “Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында, Токтогул жана Жеӊиш эс алуучу бактарында жер тилкелерин ижарага берилген жерлерден алынуучу тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 20-февралындагы № 4 “Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында, Токтогул жана Жеӊиш эс алуучу бактарында жер тилкелерин ижарага берилген жерлерден алынуучу тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 20.02.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.02.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/408748>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45508/edition/898272/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.02.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 20-февралындагы № 4 “Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында, Токтогул жана Жеӊиш эс алуучу бактарында жер тилкелерин ижарага берилген жерлерден алынуучу тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 20.02.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/408748

---

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VIII чакырылышынын кезектеги V сессия

2018-жылдын 20-февралы № 4 “Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында, Токтогул жана Жеӊиш эс алуучу бактарында жер тилкелерин ижарага берилген жерлерден алынуучу тарифтерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 31.01.2018-жылдагы чыг.№06-5/56-катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча турктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги V сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында, Токтогул жана Жеӊиш эс алуу бактарында жер тилкелерин ижарага берилген жерлерден алынуучу бирдиктүү тарифтери №1-тиркемеге ылайык бекитилсин. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б.Джусупбеков) Жалал-Абад шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу максатында ушул токтомду жетекчиликке алып, өз ишмердүүлүгүн ушул токтомго ылайык жүргүзүү жагы милдеттендирилсин. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланып, 2018-жылдын 1 мартынан тартып күчүнө кирет.

Төрага

М.Тагаев

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 20.02.2018-ж кезектеги V сессиясынын №4-токтомуна №1-тиркеме

Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянты, Токтогул жана “Жеңиш” эс алуу бактарындагы ижарага берилген жерлерден алынуучу бирдиктүү ижара акынын тарифи.

№

Зонасы

1 чарчы метр жер тилкесинин учурдагы колдонулган тариф боюнча эсептелген бир айлык ижара акысы

1 чарчы метр жер тилкесинин бекитилген жаӊы тариф боюнча эсептелген бир айлык ижара акысы

5 жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери

1-зона Токтогул эс алуу багы жана Эркиндик аянты

11,25сом\*3=33,75сом

1 м2 = 50 сом

5 жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелерге

4-зона “Жеңиш” эс алуу багы

9сом\*3=27сом

1 м2 = 50 сом

5 жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелерге

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы

Б.Беркбаева
