# Кара-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 28 “Акча каражаттар жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 28 “Акча каражаттар жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 28
- Дата принятия: 29.09.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.09.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/408487>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45249/edition/891696/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.09.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 28 “Акча каражаттар жөнүндө” токтому (ред. от 29.09.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/408487

---

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 7-чакырылышынын 11- кезексиз сессиясы 2017-жылдын 29-сентябры № 28 “Акча каражаттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” № 466 сандуу токтомун жетекчиликке алып Кара-Суу айылдык аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын штаттык санын жана эмгек акыларын 1-сентябрь 2017-жылдан №466 сандуу токтомуна ылайык бекитилген бюджетке кошулуп бекитилсин;

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү №466 сандуу токтомунун негизинде бекитилген бюджетке көбөйгөн айлыктын айырмасы Республикалык бюджеттен суралсын;

3. Кара-Суу айыл өкмөтү делегированных мамлекеттик полномочьялык штаттык бирдиктин (экономикалык статистик) Кыргыз Республикалык мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акыларын көбөйгөнү 2017-жылдын 7-августундагы №466 сандуу токтомунун негизинде 1-сентябрь 2017-жылдан баштап Республикалык бюджеттен түшкөн өз ара эсептешүү каражатынын калган акча каражаттарына кошулуп бекитилсин;

4. Бекитилген штаттык саны жана эмгек акыларын эсептеп такташып сметага киргизүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.Кабылова милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Жунушалиевага жүктөлсүн.

Төрага

Эсенкул уулу Памир
