Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Суу-Башы айылдык кенештин «Суу-Башы айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлеринин жана почта мамлекеттик ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө» токтому
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Vl чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2017-жылдын 2-октябры № 34 «Суу-Башы айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлеринин жана почта мамлекеттик ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы №318 жана Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-ноябрындагы №511 сандуу жарлыгына ылайык мамлекттик жөлөк пул жана жарандардын айрым категориясына акчалай компенсацияларды берүү боюнча Суу-Башы айыл өкмөтунун социалдык кызматкерлеринин жана почта мамлекеттик ишканасынын аткарып жаткан иштерин карап чыгып, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кенештин Vl чакырылышынын кезексиз X сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлеринин жана почта мамлекеттик ишканасынын аткарып жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Жарандардын айрым категориясына акчалай жардамдарды берүүдо Суу-Башы айыл аймагында жашап жаткан тургундарынан демөөрчүлөрдү тартуу жана кайрымдуулук марафондорун уюштуруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Р.Артыкбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.