# Будалык айылдык кенешинин 2017-жылдын 11- апрелиндеги № 11\\ 5 "Алай районунун Будалык айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө"токтому

- Полное наименование: Будалык айылдык кенешинин 2017-жылдын 11- апрелиндеги № 11\\ 5 "Алай районунун Будалык айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11\\ 5
- Дата принятия: 11.04.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.04.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/408063>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44829/edition/874323/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.04.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Будалык айылдык кенешинин 2017-жылдын 11- апрелиндеги № 11\\ 5 "Алай районунун Будалык айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө"токтому (ред. от 11.04.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/408063

---

БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ 11 ЗАСЕДАНИЕСИ

2017-жылдын 11- апрели № 11\\ 5 Алай районунун Будалык айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө. Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Будалык айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын № 182. 2014-жылдын 31-декабрындагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктунда салыктын базалык ставкасын 1.5 тен 3 эсеге чейин көбөйтүүгө боло тургандыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

2.

3. Будалык айылдык кенешинин 19-май 2015-жыдагы №16\\2 токтому менен айыл чарбасына арналгант жерлердин базалык ставкасы 2эсеге көбөйтүлгөндүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин 6-пункутуна ылайык Будалык айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы 1 эсеге дагы көбөйтүлсүн.

4. Будалык айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы 1 эсеге көбөйгөндүгү тууралуу жергиликтүү жамааттарга жана элге толук жеткирүү жагы айыл башчыларга тапшырылсын.

5. Будалык айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы көтөрүлгөн баада салык жыйымдарын топтоп,төгүү салык кызматкери А.Кудайбердиевге милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовго тапшырылсын.

Төрага

С.Рахматов

БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН 6 ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ 11 ЗАСЕДАНИЕСИНИН КҮН ТАРТИБИНДЕГИ 5-МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА Будалык айыл өкмөтүнүн З.Каримовдун Б И Л Д И Р Ү Ү С Ү: Урматтуу депутаттар! Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы №182 мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктунда салыктын базалык ставкасын 1.5 тен 3 эсеге чейин көбөйтүүгө боло тургандыгы жөнүндө айтылган. Будалык айыл өкмөтүндө жакырчылыктыын денгээли 2016-жылы 74%ды түзгөн болсо,2017-жылы 54%ды түздү Биз калктын жашоо денгээлин карап чыгып, жакырчылыктан көп үй-бүлөөлөр чыккандыгын көрүп турабыз. Калкыбыз мал багуу менен алектенгендиктен малдын башы жылдагыдан бир топко көбөйдү.Малга тоютту чөп орунду жерлерден даярдап жатышат. Айрым атуулдар чөп оруп сатышууда.Чөптүн баасы да кымбаттап, 1 машина чөп 5минден 10минге чейин сатылууда. Ошондуктан жогорудагы мыйзамдарга таянып, айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен сиздер менен макулдашып салыктын базалык ставкасын 1 эсеге чейиин көтөрө берсек болгудай. Анкени Будалык айылдык кенешинин 19-май 2015-жыдагы №16\\2токтому менен айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасы 2эсеге көбөйтүлгөндүгүн эске алышыбыз керек Бул сунушту депутаттар колдоп берет деп ишенемин.

Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы

З.Каримов
