Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чет-Нура айылдык Кеңешинин «Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышы кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 10-октябры № 9/8 Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын 2017-жылдагы бюджетте каралган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын IХ сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Токтомдо бекитилген 31113390 статьясында каналдардын капремонтуна каралган 200000 (эки жүз миң) сом жана 31112390 статьясында М.Байдоолотов атындагы орто мектебинин капремонтуна каралган 54000 (элүү төрт миң) сом акча каражаттары 3111 статьяга 151100 (бир жүз элүү бир миң бир жүз) сом Төш-Булак башталгыч мектебинин капиталдык ремонтуна 50000 (элүү миң) сом Ак-Булуң башталгыч мектебинин капиталдык ремонтуна, 32900 (отуз эки миң тогуз жүз) сом Ак-Булуң айылдык клубунун курулушуна, 15000 (он беш миң) сом Гулназик бала бакчасынын көмүрканасын курууга жана 22141200 статьяга 5000 (беш миң) сом жылдырылып, бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Төрага
Т. Сыдыкбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.