# Осмонкулов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №32 "Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Осмонкулов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №32 "Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 32
- Дата принятия: 28.12.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.12.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/406960>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44628/edition/903146/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.12.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Осмонкулов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №32 "Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 28.12.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/406960

---

ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиp XIX сессиясы

2017-жылдын 28-декабры №32 Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-март айындагы №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Осмонкулов айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып Осмонкулов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Осмонкулов айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдары бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Осмонкулов айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.

Тѳрага

А. Джумаев
