# Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 09-августундагы №12/1 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №107 токтому жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 09-августундагы №12/1 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №107 токтому жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 12/1
- Дата принятия: 09.08.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.08.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/406941>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44609/edition/903106/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.08.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 09-августундагы №12/1 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №107 токтому жөнүндө" токтому (ред. от 09.08.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/406941

---

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

2018-жылдын 09-августу №12/1 Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №107 токтому жөнүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №107 токтомунун негизинде, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №107 токтомунун негизинде КСДП саясий партиясынан Абдурахманов Хатамжан Номанджановичтин Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланганы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №107 токтомунун негизинде КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Хоринов Мухаммадаюб Якубжановичтин өз арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы эске алынсын.

3. Жаңы шайланган депутат Абдурахманов Хатамжан Номанджанович Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага

А. Джалилов
