# Исфана шаардык кеңешинин 2018-жылдын 08-февралындагы №12/1 "Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын чечимдерин мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Исфана шаардык кеңешинин 2018-жылдын 08-февралындагы №12/1 "Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын чечимдерин мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 12/1
- Дата принятия: 08.02.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.02.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/406906>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44574/edition/901308/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.02.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Исфана шаардык кеңешинин 2018-жылдын 08-февралындагы №12/1 "Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын чечимдерин мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому (ред. от 08.02.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/406906

---

ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

2018-жылдын 08-февралы №12/1 Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын чечимдерин мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743 токтому менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын чечимдери мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин төрагасына, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.

Тѳрага

Б.И. Тагаев
