Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Исфана шаардык кеңешинин «Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын чечимдерин мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө» токтому
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 08-февралы №12/1 Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын чечимдерин мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743 токтому менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын чечимдери мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин төрагасына, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Тѳрага
Б.И. Тагаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.