# Бекмолдо айылдык кеңешинин 2018-жылдын 01-июнундагы №45 "Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жазган кайрылуусу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Бекмолдо айылдык кеңешинин 2018-жылдын 01-июнундагы №45 "Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жазган кайрылуусу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 45
- Дата принятия: 01.06.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.06.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/406869>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44537/edition/899142/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.06.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бекмолдо айылдык кеңешинин 2018-жылдын 01-июнундагы №45 "Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жазган кайрылуусу жөнүндө" токтому (ред. от 01.06.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/406869

---

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Бекмолдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясы

2018-жылдын 01-июну №45 Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жазган кайрылуусу жөнүндө

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып ,айылдык Кенештин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине КР №258.”Оор жумушта жана зыяндуу же эмгек шарттары кооптуу жумуштары үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жонүндө” 27.04.2015-жылдагы токтому жана КР Эмгек кодексинин 164-беренеси ылайык “ өзгөчө шарттагы эмгекке акы төлөө” жагын тактап жана мыйзам чегинде төлөп берүү жагы каралсын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Молдобековго милдеттендирилсин.

Тѳрага

А. Ибраимов
