# Капчыгай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 02-майындагы №8.2 "Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Капчыгай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 02-майындагы №8.2 "Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8.2
- Дата принятия: 02.05.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.05.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/406793>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44461/edition/898212/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.05.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Капчыгай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 02-майындагы №8.2 "Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө" токтому (ред. от 02.05.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/406793

---

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Капчыгай айылдык кеңешинин VI шайланган кезексиз сессиясы

2018-жылдын 02-майы №8.2 Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектилерди атоо, алардын атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү» Жобону жетекчиликке алып Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы маданият үйүнө ат коюу боюнча 02.05.2018-жылдагы Кара-Таш айылынын элдик жыйынын протоколунун чечимин угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы маданият үйүнө ат коюу боюнча 02.05.2018- жылдагы Кара-Таш айылынын элдик жыйынын сунушу жактырылсын.

2. Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылынын маданият үйүнө Төлөгөн Аматовдун ысымы берилип, «Аматов Төлөгөн атындагы Кара-Таш маданият үйү» деп аталсын.

3. Аматов Төлөгөн атындагы Кара-Таш маданият үйүнүн муктаждыктарын толуктоо жагы Аматовдордун үй бүлөөсүнө жүктөлсүн.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөттүн аппаратына тапшырылысын.

Тѳрага

П. Сайдилканова
