# Талас шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 01-декабрындагы №84/14-7 "Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүн абаттоо долюоору жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Талас шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 01-декабрындагы №84/14-7 "Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүн абаттоо долюоору жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 84/14-7
- Дата принятия: 01.12.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.12.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/406746>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44414/edition/896441/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.12.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Талас шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 01-декабрындагы №84/14-7 "Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүн абаттоо долюоору жөнүндө" токтому (ред. от 01.12.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/406746

---

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Талас шаардык Кеңешинин VII чакырылыштагы кезектеги XIV сессиясы

2017-жылдын 01-декабры №84/14-7 Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүн абаттоо долюоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүңдөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтомуна ылайык, Талас шаарынын жергиликтү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 29.11.2017-жылдагы №01-3/1505 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаарындагы реаблитацияланган Ч. Айтматов көчөсүн көрктөндүрүү жана жарыктандыруу үчүн жалпы суммасы 10 000000 (он миллион) сомго эсептелген долбоорду Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо боюнча карап,талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүн көрктөндүрүү жана жарыктандыруу үчүн жалпы суммасы 10 000000 (он миллион) сомго эсептелген долбоорду Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) милдеттендирилсин. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С.) тапшырылсын.

Тѳрага

М. Есенкулов
