# Талас шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 18-январындагы №97/17-7 "Үлүштүк (дем берүүчү) долбоорлорду тандоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Талас шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 18-январындагы №97/17-7 "Үлүштүк (дем берүүчү) долбоорлорду тандоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 97/17-7
- Дата принятия: 18.01.2018
- Статус: Утратил силу
- Редакция от: 18.01.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/406744>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44412/edition/924054/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.01.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Талас шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 18-январындагы №97/17-7 "Үлүштүк (дем берүүчү) долбоорлорду тандоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 18.01.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/406744

---

Талас шаардык кенешинин 2018-жылдын 4-декабрындагы № 161/26-7 токтомуна ылайык күчүн жоготту

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Талас шаардык Кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз XVII сессиясы

2018-жылдын 18-январы №97/17-7 Үлүштүк (дем берүүчү) долбоорлорду тандоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 сандуу токтому менен бекитилген Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосунун 2.1 бөлүмүнүн 11-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 12.01.2018-жылдагы №01-3/31 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 03.11.2015-жылдагы №222/27-6 сандуу “Долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө”токтому жокко чыгарылсын.

2. Талас шаарынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттарга жазылган долбоорлорду тандоо боюнча шаардык комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.

Тѳрага

М. Есенкулов
