Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.09.2013-жылдагы №515 “Мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга жайыт ресурстарын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” токтомунун негизиндеги» тооктому
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы
2018-жылдын 03-апрели №54 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.09.2013-жылдагы №515 “Мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга жайыт ресурстарын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” токтомунун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.09.2013-жылдагы № 515 “Мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга жайыт ресурстарын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Жайыт жерин башка максатта пайдалануучулардан 435,0 (төрт жүз отуз беш миң) сом кошумча каражат табуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Э.М.Мутуевге милдеттендирилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитети кошумча каражаттан төмөнкү акча каражаттын жумшоо жагы белгиленсин.
Атайын техниканын майлоочу жана күйүүчү майына 40.0 миң сом. Сапар чыгымына 15,0 миң сом Ар кандай чыгымга 4,5 миң сом Ар кандай жарыяларга 5,0 миң сом Жайыттарды жакшыртууга 210,0 миң сом
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага
Г.Б.Сманова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 13 сентября 2013 года № 515 "О порядке предоставления права пользования пастбищными ресурсами в иных целях, не связанных с выпасом скота"Постановление · 13.09.2013 · № 515 · Утратил силу