Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Өзгөн шаардык кеңешинин «Өзгөн шаарында жайгашкан “Мухаммад Закир” медресесин ачуу үчүн демилгечи жараандардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 21-декабры №8/6 Өзгөн шаарында жайгашкан “Мухаммад Закир” медресесин ачуу үчүн демилгечи жараандардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ош облусунун Казыятынын 2017-жылдын 2-ноябрындагы №377 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 9-ноябрындагы отурумунун №2 протоколунун негизинде, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарында жайгашкан “Мухаммад Закир” медресесин ачуу үчүн демилгечи жараандардын тизмесин бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага
А. Джалилов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике»Закон · 31.12.2008 · № 282 · Утратил силу