# Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин 2017-жылдын 20-сентябрындагы №6-8 "Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Чал-Таш бөлүмүндөгү 124,00 га жер аянтына берилген ОАО «Газ Пиримге» 25.07.2011-жылы № 2983 ТР лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин 2017-жылдын 20-сентябрындагы №6-8 "Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Чал-Таш бөлүмүндөгү 124,00 га жер аянтына берилген ОАО «Газ Пиримге» 25.07.2011-жылы № 2983 ТР лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6-8
- Дата принятия: 20.09.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.09.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/406439>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44107/edition/892432/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.09.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин 2017-жылдын 20-сентябрындагы №6-8 "Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Чал-Таш бөлүмүндөгү 124,00 га жер аянтына берилген ОАО «Газ Пиримге» 25.07.2011-жылы № 2983 ТР лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (ред. от 20.09.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/406439

---

Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2017-жылдын 20-сентябры №6-8

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Чал-Таш бөлүмүндөгү 124,00 га жер аянтына берилген ОАО «Газ Пиримге» 25.07.2011-жылы № 2983 ТР лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Ураимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» 2014-жылдын 24-май № 77 мыйзамынын 27-беренесинин 1 пунктунун 6-подпунктуна жана 3 пунктун 5 подпунктуна таянып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Чал-Таш бөлүмүндөгү 124,00 га жер аянтына берилген ОАО «Газ Пиримге» 25.07.2011-жылы № 2983 ТР «Базальт» кенин казуу үчүн лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кароо үчүн жолдомо жиберилсин.

2. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кароо үчүн жолдомо жиберүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын курамына тапшырылсын.

Тѳрага

А. Топчубаев
