Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин «Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Чал-Таш бөлүмүндөгү 124,00 га жер аянтына берилген ОАО «Газ Пиримге» 25.07.2011-жылы № 2983 ТР лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 20-сентябры №6-8
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Чал-Таш бөлүмүндөгү 124,00 га жер аянтына берилген ОАО «Газ Пиримге» 25.07.2011-жылы № 2983 ТР лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Ураимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» 2014-жылдын 24-май № 77 мыйзамынын 27-беренесинин 1 пунктунун 6-подпунктуна жана 3 пунктун 5 подпунктуна таянып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Чал-Таш бөлүмүндөгү 124,00 га жер аянтына берилген ОАО «Газ Пиримге» 25.07.2011-жылы № 2983 ТР «Базальт» кенин казуу үчүн лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кароо үчүн жолдомо жиберилсин.
2. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кароо үчүн жолдомо жиберүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын курамына тапшырылсын.
Тѳрага
А. Топчубаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О недрах»Закон · 24.05.2014 · № 77 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О недрах»Закон · 19.05.2018 · № 49