# Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 6-мартындагы №12/1 "Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 6-мартындагы №12/1 "Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 12/1
- Дата принятия: 06.03.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 06.03.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/406418>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44086/edition/892390/ru>

> Текст приведён по редакции от 06.03.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 6-мартындагы №12/1 "Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 06.03.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/406418

---

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2018-жылдын 6-марты №12/1 Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2014-жылдын №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык «Кыргызмамжердолбоор» долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.04.2017-жылдагы №31 буйругу менен түзүлгөн жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү жумушчу топ комиссиясынын «02» март 2018-жылдагы Актысы бекитилсин.

2. “Көк-Күмбөз” участкасындагы “Чалчык” кыштоосун жана “Түз-Ашуу” участкасын Талды-Суу айыл өкмөтүнүн пайдалануусуна алуу жагы сунушталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айыл аймагынын жайыт комитетинен суралсын.

4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А. Касейиновго милдеттендирилсин.

Тѳрага

Ж. Дүйшеев
