Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Достук айылдык Кеңешинин «Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII чакырылышындагы I кезектеги сессиясынын №20 токтомундагы 3,4 бөлүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Достук айылдык Кеңешинин XVII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2018-жылдын 16-апрели №27 Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII чакырылышындагы I кезектеги сессиясынын №20 токтомундагы 3,4 бөлүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2018-жылынын 5-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципиалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө №80 токтомуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2018-жылынын 5-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципиалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө №80 токтому жетекчиликке жана аткарууга алынсын
2. 2018-жылдын 19-январындагы Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы I кезектеги сессиясынын №20 токтомундагы 3, 4 бөлүмдөрүнө төмөдөгүдөй өзгөртүү киргизилсин
3. Достук айыл өкмөтүндө берилүүчү төмөндөгү маалымкаттар акысыз берилсин:
-жашаган жеринен маалымкат берүү -үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат берүү -бодо малдын болушу жөнүндө маалымкат берүү -майда жандыктын болушу жөнүндө маалымкат берүү
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Достук айылынын жооптуу катчысы А.Байбековага милдеттендирилсин
6.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Достук айылдык Кенешине жүктөлсүн,
Тѳрага
К. Өмүрканов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.