# Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/65 "2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/65 "2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-05/65
- Дата принятия: 17.11.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.11.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/406200>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-43868/edition/875085/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.11.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/65 "2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу жөнүндө" токтому (ред. от 17.11.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/406200

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/65 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194-токтому менен бекитилген концепцияны жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруу боюнча № 602 токтомунун алкагында 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун төрагасы, вице-мэр Немат уулу Жайнактын маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун төрагасынын маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194-токтому менен бекитилген концепцияны ишке ашыруу боюнча 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча өткөрүлгөн коомдук угуулардан өткөрүлүп даярдалган өнүгүү программасы алымча кошумчасы менен бекитилсин.

3. Кочкор-Ата шаарынын жылына кабыл алып келген жылдык иш-планын бекитүүдө 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасынын приоритеттүү багыттарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруу боюнча № 602 токтомунда көрсөтүлгөн иш-пландын тийиштүү пункттары эске алынсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.

Төрага

Я.Т. Абдурахманов
