Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу жөнүндө» токтому
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ 2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/65 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194-токтому менен бекитилген концепцияны жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруу боюнча № 602 токтомунун алкагында 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун төрагасы, вице-мэр Немат уулу Жайнактын маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун төрагасынын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194-токтому менен бекитилген концепцияны ишке ашыруу боюнча 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча өткөрүлгөн коомдук угуулардан өткөрүлүп даярдалган өнүгүү программасы алымча кошумчасы менен бекитилсин.
3. Кочкор-Ата шаарынын жылына кабыл алып келген жылдык иш-планын бекитүүдө 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасынын приоритеттүү багыттарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруу боюнча № 602 токтомунда көрсөтүлгөн иш-пландын тийиштүү пункттары эске алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
Төрага
Я.Т. Абдурахманов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 31 марта 2017 года № 194 "Об утверждении Концепции региональной политики Кыргызской Республики на период 2018-2022 годов"Постановление · 31.03.2017 · № 194 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О Правительстве Кыргызской Республики»Закон · 18.06.2012 · № 85 · Утратил силу