# Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-январындагы № 9/1 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №560 токтому жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №132 протоколу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-январындагы № 9/1 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №560 токтому жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №132 протоколу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9/1
- Дата принятия: 20.01.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.01.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/406012>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-43681/edition/869934/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.01.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-январындагы № 9/1 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №560 токтому жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №132 протоколу жөнүндө" токтому (ред. от 20.01.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/406012

---

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI чакырылышынын IX-сессиясы

2018-жылдын 20-январындагы №9/1 Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №560 токтому жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №132 протоколу жөнүндө Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги IX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу» 2017-жылдын 27-декабрындагы №560 токтомунун жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №132 протоколунун негизинде, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №560 токтомунун жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №132 протоколунун негизинде КСДП саясий партиясынан Кахаров Алишер Абдулхалилович жана Ахмедов Хосилжан Садыкович Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланганы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №560 токтомунун жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №132 протоколунун негизинде КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Ходжиматова Ибодатхон жана Жоробаев Хайрилло Жахбаралиевичтин өз арыздарынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы эске алынсын.

3. Жаңы шайланган депутат Кахаров Алишер Абдулхалилович Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» жана Ахмедов Хосилжан Садыкович «Өнөр-жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссияларынын мүчөсү болуп бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Джаликов
