# Нарын шаардык кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы №7 "Нарын шаарындагы С. Жакыпов көчөсүндө жайгашкан мурунку Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун имаратын муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Нарын шаардык кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы №7 "Нарын шаарындагы С. Жакыпов көчөсүндө жайгашкан мурунку Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун имаратын муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 7
- Дата принятия: 07.03.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.03.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/405966>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-43635/edition/901530/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.03.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нарын шаардык кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы №7 "Нарын шаарындагы С. Жакыпов көчөсүндө жайгашкан мурунку Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун имаратын муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө" токтому (ред. от 07.03.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/405966

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫ

2018-жылдын 7-марты №7 Нарын шаарындагы С. Жакыпов көчөсүндө жайгашкан мурунку Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун имаратын муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун сунуш катынын негизинде Нарын шаардык мэриясы Нарын шаардык Кеңешине кат менен кайрылган. Катта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө» Жобого ылайык, имарат муниципалдык менчикте болуусу зарыл экендиги көрсөтүлгөн. Мурунку Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун имаратына дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен 2018-жылы капиталдык ремонт жүргүзүлүп, балдар билим берүү борборун жайгаштыруу жагы пландалып жаткандыгын билдиришкен. Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Муниципалдык менчик, жер турак жай, коммуналдык тейлөө архитектура-курулуш, отун-нергетика,транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаарындагы С.Жакыпов көчөсүндө жайгашкан мурунку Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун имараты муниципалдык менчикке өткөрүлсүн.

2. Имаратты муниципалдык менчикке өткөрүүдөгү жана иш кагаздарын тактоо боюнча иш алып баруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

Төрага

Ж. Ботоканов.
