# Ак-Суу айылдык кенешинин 2018-жылдын 29-мартындагы №8 "ЖЧК “Мурат Компани” ишканасына “Разрез Кара-Суу №3” участкасынан убактылуу пайдаланууга 3,13 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Суу айылдык кенешинин 2018-жылдын 29-мартындагы №8 "ЖЧК “Мурат Компани” ишканасына “Разрез Кара-Суу №3” участкасынан убактылуу пайдаланууга 3,13 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8
- Дата принятия: 29.03.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.03.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/405738>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-43407/edition/898344/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.03.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Суу айылдык кенешинин 2018-жылдын 29-мартындагы №8 "ЖЧК “Мурат Компани” ишканасына “Разрез Кара-Суу №3” участкасынан убактылуу пайдаланууга 3,13 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө" токтому (ред. от 29.03.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/405738

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VII–чакырылышынын VIII-сессиясы

2018-жылдын 29-марты №8 ЖЧК “Мурат Компани” ишканасына “Разрез Кара-Суу №3” участкасынан убактылуу пайдаланууга 3,13 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө Ак-Суу айыл аймагындагы “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын 9 беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” ЖЧК “Мурат Компани” ишканасынын жазган арызы боюнча туруктуу комиссиясын угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши; ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” ЖЧК “Мурат Компани” ишканасына убактылуу пайдаланууга “Разрез Кара-Суу №3” участкасынан 3,13 га жер аянты бекитилип берилсин.

2. Коомдук угуулар өткөрүлсүн, Ак-Суу айыл өкмөтү менен жердин ижара келишими жана соц.пакет бекитилсин жана башка мыйзам ченемдүү иш-чаралар аткарылсын.

3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;

4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.

Төрага

Т. Эшалиев
