Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Суу айылдык кенешинин «ЖЧК “Мурат Компани” ишканасына “Разрез Кара-Суу №3” участкасынан убактылуу пайдаланууга 3,13 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө» токтому
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VII–чакырылышынын VIII-сессиясы
2018-жылдын 29-марты №8 ЖЧК “Мурат Компани” ишканасына “Разрез Кара-Суу №3” участкасынан убактылуу пайдаланууга 3,13 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө Ак-Суу айыл аймагындагы “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын 9 беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” ЖЧК “Мурат Компани” ишканасынын жазган арызы боюнча туруктуу комиссиясын угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши; ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” ЖЧК “Мурат Компани” ишканасына убактылуу пайдаланууга “Разрез Кара-Суу №3” участкасынан 3,13 га жер аянты бекитилип берилсин.
2. Коомдук угуулар өткөрүлсүн, Ак-Суу айыл өкмөтү менен жердин ижара келишими жана соц.пакет бекитилсин жана башка мыйзам ченемдүү иш-чаралар аткарылсын.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.
Төрага
Т. Эшалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 12 апреля 2006 года № 261 "Об утверждении Положения о предоставлении земельных участков под недропользование"Постановление · 12.04.2006 · № 261 · Утратил силу