Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Бак айылдык кеңешинин «Кара-Бак айылдык кеңешинин 09.02.2017-жылдагы № 8 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2018 жылдын 11-майы № 21 Кара-Бак айылдык кеңешинин 09.02.2017-жылдагы № 8 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Баткен райондук прокуратурасынын 07.05.2018-ж №11/473-18 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин 09.02.2017-жылдагы №8 токтому менен бекитилген жер комиссиялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобонун талаптарына ылайык келбегендиктен жокко чыгаруу максатында Кара-Бак айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы №8 токтому жокко чыгарылсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго жүктөлсүн.
Төрага
А. Каламбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.