# Суу-Башы айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 29-январындагы № 2 "Суу-Башы айылдык Кеңештин 2016-жылга иш планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Суу-Башы айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 29-январындагы № 2 "Суу-Башы айылдык Кеңештин 2016-жылга иш планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 29.01.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.01.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/40540>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4480/edition/776444/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.01.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Суу-Башы айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 29-январындагы № 2 "Суу-Башы айылдык Кеңештин 2016-жылга иш планын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 29.01.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/40540

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезекcиз XXXII сессиясы

2016-жылдын 29-январы № 2 Суу-Башы айылдык Кеңештин 2016-жылга иш планын бекитүү жөнүндө Суу-Башы айылдык Кеңештин 2016-жылга карата түзүлгөн иш планы боюнча Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Сыдыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезектеги ХXXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Суу-Башы айылдык Кеңештин 2016-жылга иш планы жактырылсын жана бекитилсин. (Тиркемеде)

2.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 1-пункуту Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберет.

3.Суу-Башы айылдык Кеңештин 2016-жылга түзүлгөн иш планында көрсөтүлгөн иштерди аткаруу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Жоробаевге жүктөлсүн.

Төрага

К Маркаев

Суу-Башы айылдык Кеңештин 2016-жылдын 29-январындагы кезектеги ХXXIII сессиясынын № 2- токтомуна тиркеме

Суу-Башы айылдык Кеңештин 2016-жылга карата

ИШ-ПЛАНЫ

№

Каралуучу маселенин мазмуну

Аткаруу мооноту

Маселени даярдоого кимдер жооптуу

I

Суу-Башы айылдык Кенештин сессиясынын кароосуна сунуш кылынуучу маселелер.

1.1

1.2

Суу-Башы айылдык Кенештин 2016-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата структуралык штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө

I квартал

Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

Айыл өкмөтүнүн ФЭБ нун башчысы

2.4

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө .

I квартал

Айыл өкмөтүнүн ФЭБ нун башчысы

2.5

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын 2016-жылга акы төлөө өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесининТөрагасы

2.6

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата аткарыла турган иштеринин сметасын бекитүү жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесининТөрагасы

3.7

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө ” №26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айыл өкмөтүнүнун аймагындагы меке ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

II квартал

Укук тартиби, Мыйзамдуулукту сактоо жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссия

3.8

Суу-Башы йыл өкмөтүнүн аймагындагы социалддык обьектилердин кышка карата даярдыктын журуш абалы жөнүндө

Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия

3.9

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы №318 жана Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-ноябрындагы №511 Жарлыгына ылайык мамлекеттик жөлөп пул жана жарандардын айрым категориясына акчалай компенсацияларды берүү боюнча Суу-Башы айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо кызматкерлери жана почта мамлекеттик ишкананын аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө

III квартал

Укук тартиби, Мыйзамдуулукту сактоо жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссия

3.10

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерди капиталдык жана кезектеги ремонттон өткөрүүдө жана 2016-2017-жаны окуу жылына даярдоодо билим беруучу мекемелердин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссия

4.11

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө

IV квартал

Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссия

4.12

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 9 айында бюджеттин аткарылышы жөнүндө

Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссия

4.13

Суу-Башы айылдык Кенештин 2016-жылда аткарган ишинин жыйынтыгы жөнүндө

Суу-Башы айылдык Кенештин төрагасы

Жооптуу катчысы

Сыдыков А.К
