# Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-июнундагы IX-3 Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-июнундагы IX-3 Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: IX-3
- Дата принятия: 18.06.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.06.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/405378>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-43053/edition/884927/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.06.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-июнундагы IX-3 Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө" токтому (ред. от 18.06.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/405378

---

МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы

2017-жылдын 18-июну IX-3 Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептоо палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн. Аудиттик текшерүү Мирмахмудов ат.айыл округунда жана айыл өкмөтүнүн карамагындагы бюджеттик мекемелерде болуп өттү. Айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин тууралыгын, мыйзамдуулугун жана нормативдик укуктук актыларга негизделгендигин аудиттик текшерүүдөн өткөргөндө Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамына таянып иш жүргүзүлгөндөгү белгиленген. Аудиттин жүрүшүндө жалпы айыл өкмөту боюнча 119.7 мин сомдук финансалык тартип бузуулар аныкталган, анын ичинде жетишпестиктер 11.5 мин сом, негизсиз төлөнгөн эмгек акы 55.6 мин сом, негизсиз чыгышталган акча каражат жана материалдык баалуулуктар 5.9 мин сом, казыналыктан тышкары пайдаланган каражат 75.1 мин сомду түзгөн. Ауди түшкөн мезгил аралыгында финансалык тартип бузуулар толугу менен ордуна коюлган. Мирмахмудов ат.айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы жетишпестиктерди карап чыгып, Мирмахмудов ат. айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекеме ишканаларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында бюджеттин киреше жана чыгаша тарабын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана нормативдик укуктук актыларына негиздеп түзүп, бюджеттин эффективдүү жана үнөмдүү пайдаланышын камсыз кылуу үчүн бекитилген методикалык көрсөтмөлөр менен иш алып барууда финансалык тартип бузууларга жол бергендиги эске алынсын.

2. Эсеп-кысап иштерин начарлатып жиберген Мирмахмудов ат. айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү кемчиликтерди ушул жылдын 30-июнуна чейин четтетүү жагы жана мындан ары финансалык катачылыктарга жол бербоо боюнча иш алып баруусу милдеттендирилсин.

3. Айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаров аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы тартип бузууларды мындан ары жол бербөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгышсын жана материалдык жооптүү кызматкерлер менен түздөн-түз иш жүргүзүшсүн:

- бюджеттик каражаттарды максаттуу жана эффективдүү пайдалануу;

- эмгек акыларды эсептөөнү нормативдик актыларга жана тарификацияны негиздеп эсептөө жана тарификацияны туура түзүү;

- кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысынан болгон дебитордук карыздарды өз убагында өндүрүү, ижарага берилбей калган жерлерди ижарага берүү боюнча иш-чара иштеп чыгуу;

- жогорудагы текшерүүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу менен бирге, мындан кийин финансалык катачылыктарга жол бербөөнүн үстүндө иш алып баруу жана аткарылган иштердин жыйынтыгын райондук финансы бөлүмүнө маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.

4. Айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө айыл округунда бухгалтериялык эсептин жүргүзүлүшүн көзөмөлдөп, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 2008-жылдын 24-ноябрындагы № 192-П буйругуна негиз жаңы план счет менен баланс түзүүнү талап кылуу милдеттендирилсин. Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы көрсөтүлгөн дебитордук карыздардын бухгалтедик баланс отчетторуна кошулбаган суммаларды кошуп отчет түздүрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү, финансалык катачылыктарга мындан ары жол бербоо боюнча иш чара иштеп чыксын жана материалдык баалуулуктар боюнча жооптуу кызматкерлер менен озгочо иш алып баруу жагы жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Төрага

И. Исмоилов
