# Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы № 6-3 "Мирмахмудов айыл аймагынын жерлеринин мыйзамсыз түрдө мал багып материалдык жана экологиялык зыян келтирип, жерлерди дирадацияланоосуна алып келгендиги үчүн айп салуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы № 6-3 "Мирмахмудов айыл аймагынын жерлеринин мыйзамсыз түрдө мал багып материалдык жана экологиялык зыян келтирип, жерлерди дирадацияланоосуна алып келгендиги үчүн айп салуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6-3
- Дата принятия: 20.02.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.02.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/405369>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-43044/edition/884901/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.02.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы № 6-3 "Мирмахмудов айыл аймагынын жерлеринин мыйзамсыз түрдө мал багып материалдык жана экологиялык зыян келтирип, жерлерди дирадацияланоосуна алып келгендиги үчүн айп салуу жөнүндө" токтому (ред. от 20.02.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/405369

---

МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2017-жыл 20-февралы № 6-3 Мирмахмудов айыл аймагынын жерлеринин мыйзамсыз түрдө мал багып материалдык жана экологиялык зыян келтирип, жерлерди дирадацияланоосуна алып келгендиги үчүн айп салуу жөнүндө Мирмахмудов айылдык кеңешине караштуу болгон жайыт жерлеринин (адыр,тоолу) бөлүктөрүндө жана кышкы тоют үчүн орулуучу чөп чабынды жерлери ушундай эле себилген күзгү, жайкы калкандуу дан эгиндерине мыйзамсыз түрдө мал багып Мирмахмудов айыл аймагы жана тургундарына келтирген материалдык экологиялык зыян үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июнундагы №91 , 2011-жылдын 28-декабрндагы №254, 2016-жылдын 7-майындагы №56 мыйзамдарынын 18-19-беренелеринде көрсөтүлгөн иш чаралары жана 1992-жылдын 17-августундагы №403 токтомунун 4-пунктуна таянып Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мирмахмудов айыл аймагынын жерлеринин мыйзамсыз түрдө мал багып материалдык жана экологиялык зыян келтирип, жерлерди дирадацияланоосуна алып келгендиги үчүн төмөндөгүдөй айп салынсын.

Ийри мүйүдүү мал, жылкы жана эшектерге 940 сом (бир башка) 1 жашка чейинки мүзөө жана тайларга 260 сом (бир башка) Койлорго 260 сом (бир башка) Эчкилерге 1565 сом (бир башка)

2. Жайыт кыртышын өзүмчүлдүк менен бузган жерлеринин ар бир метр кватраты үчүн 0,80 сомдон айып салынсын.

3. Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл аймагынын жайыт бирикмесинини төрагасы А.Фазиловго тапшырылсын.

4. Ушул токтом мыйзам негизинде аткарылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айыл кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

И. Исмоилов
