# Баш-Кууганды айылдык кеңешинин 2016-жылдын 11-январындагы № 1/3 "Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумуков Баш-Кууганды айылдык Кеңешинин депутаттарына айыл өкмөтүндө кызматтык авто унаа тартышы жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Баш-Кууганды айылдык кеңешинин 2016-жылдын 11-январындагы № 1/3 "Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумуков Баш-Кууганды айылдык Кеңешинин депутаттарына айыл өкмөтүндө кызматтык авто унаа тартышы жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1/3
- Дата принятия: 11.01.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.01.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/40520>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4460/edition/772507/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.01.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Баш-Кууганды айылдык кеңешинин 2016-жылдын 11-январындагы № 1/3 "Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумуков Баш-Кууганды айылдык Кеңешинин депутаттарына айыл өкмөтүндө кызматтык авто унаа тартышы жөнүндө" токтому (ред. от 11.01.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/40520

---

БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-январы № 1/3 Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумуков Баш-Кууганды айылдык Кеңешинин депутаттарына айыл өкмөтүндө кызматтык авто унаа тартышы жөнүндө Баш-Кууганды айылында ар кандай чарбалык жумуштарды бүтүрүүдө авто унаанын тартыштыгынан бир топ кыйынчылыктар болуп жаткандыгын айтып, ошонун негизинде айыл өкмөтүнүн балансасына бир авто унаа керек экендигин, ошол авто унаа үчүн айылдык Кеңештин макулдугун алууга карата жазган сунушун угуп жана талкуулап Баш-Кууганды айылдык Кеңешинин XXI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагында кызматтык авто унаа тартыштыгына байланыштуу, кызматтык авто унаа менен камсыз кылуу жагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан суралсын.

2. Авто унаа Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүлсүн, ал авто унааны айыл өкмөтүнүн балансасына кармап турууга, оңдоого, ремонтуна жана авто унаанын майына (ГСМ) акча каражаты Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, авто унааны суроо жагы жана авто унааны Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасына которуу жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумуковго милдеттендирилсин.

4. Бул токтом айыл окмотунун аппаратынан каттоодон откорулуп, Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынан мамлекеттик реестрине киргизуу учун Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жонотулсун.

Төрага

К. Ажыгулов
