Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН «Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасында “Малдарды идентификациялоо” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 187 токтомдорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын 2017-жылдын 20-февралындагы № 031 буйругунун негизинде “малдарды идентификациялоо” жоболоруна таянып жана 2016-жылдын 11-15-июлунда ЕАЭСтин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин шарттарына ылайык Алай районунун аймагында жеке менчик саан уйларды жана кунаажындарды идентификациялоодон өткөрүү жана көзөмөлдүк кылуу максатында Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 24-февралындагы №40 буйругу жөнүндө» токтому
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ленин айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз IV отурумунун
2017-жыл 25-февраль № 4/1 Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасында “Малдарды идентификациялоо” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 187 токтомдорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын 2017-жылдын 20-февралындагы № 031 буйругунун негизинде “малдарды идентификациялоо” жоболоруна таянып жана 2016-жылдын 11-15-июлунда ЕАЭСтин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин шарттарына ылайык Алай районунун аймагында жеке менчик саан уйларды жана кунаажындарды идентификациялоодон өткөрүү жана көзөмөлдүк кылуу максатында Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 24-февралындагы №40 буйругу жөнүндө ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасында “Малдарды идентификациялоо” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 187 токтомдорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын 2017-жылдын 20-февралындагы № 031 буйругунун негизинде “малдарды идентификациялоо” жоболоруна таянып жана 2016-жылдын 11-15-июлунда ЕАЭСтин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин шарттарына ылайык Алай районунун аймагында жеке менчик саан уйларды жана кунаажындарды идентификациялоодон өткөрүү жана көзөмөлдүк кылуу максатында Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 24-февралындагы №40 буйругу аткарууга алынсын.
2.Идентификация өткөрүү боюнча кулак сыргаларын айыл аймактын балансасына өткөрүп алуу менен биркалардын акчасын чогултуу жана төмөнкү эсепке (счет) БИК 129052, Р/С 1290524132820096, Л/С 4402012100003672 которуп берилсин.
3.Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо учурунда малдын ээси тарабынан айыл аймагынан барган адиске ар бир кара малга төлөнүүчү 37 сом 76 тыйын квитанциянын негизинде атайын счеттук эсепке которулуп берилсин жана жаныбарларды индентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн операторлордун айлык акысын ветеринардык врачтардын кызмат акысы ичинде 60 сом алынсын .
4.Айыл өкмөтүнүн аймагында малдарды индентификациядан өткөрүүгө жана аны көзөмөл кылуу айыл өкмөт башчы Н.Матановко жана уюштуруу иштерине жардам берүү айыл өкмөтүндө түзүлгөн уюштуруу тобуна милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеншетин мыйзам жана укук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы:
Б.Арынбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 5 декабря 2014 года № 694 "Об утверждении Правил идентификации животных"Постановление · 05.12.2014 · № 694 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 11 апреля 2016 года № 187Постановление · 11.04.2016 · № 187