# Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 15-февралындагы № 17/3 «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 15-февралындагы № 17/3 «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 17/3
- Дата принятия: 15.02.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.02.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/404281>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-42577/edition/875193/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.02.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 15-февралындагы № 17/3 «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө» токтому (ред. от 15.02.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/404281

---

АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын XVII-сессиясынын

2018-жылдын 15-февралы № 17/3 «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2014-жылдын №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык «Кыргызмамжердолбоор» долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.04.2017-жылдагы № 31 буйругу менен түзүлгөн жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү жумушчу топ комиссиясынын 20-декабрь 2017-жылдагы Актысы бекитилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн жер жана турак жай боюнча жетектөөчү адиси Э. Алымкуловго милдеттендирилсин.

Төрага:

А. Абдырахманов
