Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Таш-Булак айылдык кеңешинин «Таш-Булак айылы «Жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VI-ЧАКЫРЫК VII СЕССИЯСЫ
2017-жылдын 11-июлу № 5 Таш-Булак айылы «Жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жыл №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жыл №169 токтомун, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 13.06.2017-жылдагы №184-сунуш катын негиздеп, көчкү коркунучундагы элдердин кайрылуусун, суроо талаптарын сессияда угуп, талкуулап Таш-Булак айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жер көчкү коркунучуна дуушар болгон айылдарынын жашоочуларын көчүрүп чыгуу жана жер участкасына өтө муктаж уй-бүлөлөргө турак жай куруу үчүн Чолок-Терек айылындагы №3-контурдагы 8,0га, Доскана айылындагы №377-контурдагы 6,0га, Дмитровка айылындагы №43-контурдагы 5,0га, Птицафабрика участкасындагы №69-контурдагы 4,5га, Сасык участкасындагы №356-контурдагы 3,0га, жалпысы 26,5 (жыйырма алты жарым)га жер аянтын калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Турак жай куруу үчүн тандалган жерге мыйзам чегинде керектүү иш кагаздарын даярдап, тез аранын ичинде турак-жай курууга жер ажыратып берүү иш аракеттерин жасоо жагы айыл өкмөт башчысы Н.Самидиновго жана тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.
3. Жер көчкү кырсыгынан сактоо максатында ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областтык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
Төрага
Шермат уулу Алмаз
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 3
Связанные документы (3)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 19.03.2014 · № 169 · Утратил силу