# Таш-Булак айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 18-мартындагы № 05 «Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылындагы 12,0 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Таш-Булак айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 18-мартындагы № 05 «Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылындагы 12,0 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 05
- Дата принятия: 18.03.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.03.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/404144>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-42441/edition/872594/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.03.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Таш-Булак айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 18-мартындагы № 05 «Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылындагы 12,0 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө» токтому (ред. от 18.03.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/404144

---

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VI-ЧАКЫРЫК V СЕССИЯСЫ

2017-жылдын 18-марты № 05 «Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылындагы 12,0га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын прокуратурасынын 2017-жылдын 13-март №11/1-7-319-17 сандуу сунушу, Ош областынын райондор аралык сотунун 2015-жыл 22-декабрындагы №АД-000526/15 сандуу чечими, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2016-жылдын 8-июлундагы №АД00526/15 МО К/О №6-635/16 АД аныктамасынын негизинде Таш-Булак айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Эшме” участкасынан Б.Батировго берилген 12,0га жер аянты мамлекеттик фонду жерлерин көп жылдык бак- дарак ээлеген жерлерине кайтарып баланска алынсын.

2. Керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жана каттоодон өткөрүү Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Ташлановго милдеттендирилсин.

3. Мамлекеттик фондко алынган 12,0га жер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-ж.№1997-III токтомунун негизинде пайдаланууга берүү айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.

4. Мамлекеттик фондко алынган 12,0 жер аянтын каттоодон өткөрүү Сузак райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөтүлсүн.

Төрага

Шермат уулу Алмаз
