# Ак-Дөбө айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 22-декабрындагы № 34 «Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Ак-Дөбө айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 22-декабрындагы № 34 «Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 34
- Дата принятия: 22.12.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.12.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/404089>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-42387/edition/871024/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.12.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Дөбө айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 22-декабрындагы № 34 «Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө» токтому (ред. от 22.12.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/404089

---

АК-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXIV-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы 2017-жылдын 22-декабры № 34 «Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтуу жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, Ак-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин (Тиркеме №1).

2. Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Дөбө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.

Төрага

Бараканов Р.Т
