# Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 29-декабрындагы № 10/3 "Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 29-декабрындагы № 10/3 "Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 10/3
- Дата принятия: 29.12.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.12.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/404046>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-42344/edition/869800/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.12.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 29-декабрындагы № 10/3 "Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 29.12.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/404046

---

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ X кезектеги сессиясы XXVII чакырылыш 2017-жылдын 29-декабры № 10/3 Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын 2017-жылдагы бюджетте каралган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш, архитектура, муниципалдык менчик, курулуш жана транспорт боюнча комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1-март 2017-жылдагы №131 токтомуна ылайык чиндерге кошумча акча каражаты төлөнүп берилгендиктен, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна бекитилген 2111 статьясында каралган жана эконом болгон 8,9 миң сом акча каражаты 2121 статьясына жылдырылып, бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.

Төрага

Т. Сыдыкбеков
