Талды-Суу айылдык кеңешинин «1-Май, Талды-Суу, Өзгөрүш калктуу конуштарынын чек араларын тактоо жана бекитүү жөнүндө» токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
2017-жылдын 07-июну № 7/4 1-Май, Талды-Суу, Өзгөрүш калктуу конуштарынын чек араларын тактоо жана бекитүү жөнүндө Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 04.04.2017-жылдагы №63-6 буйругунун жана Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 26.04.2017-жылдагы №32 буйруктарынын негизинде “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Талды-Суу айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Талды-Суу айыл аймагынын 1-Май калктуу конушу 79,3 гектарды, Талды-Суу калктуу конушу 176,1 гектарды, Өзгөрүш калктуу конушу 78,8 гектарды түзүп, калктуу конуштарынын чек аралар баяндамасына ылайык тактоодо жазьшган сызык боюнча жалпы 334,2 гектар жер аянты бекитилсин.
2. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Талды-Суу айыл аймагынын калктуу конушунун жалпы жер аянтын аныктоо жана чек араларын тактоо жумуштары боюнча “10” май 2017-жылдагы жер участкасын жеринде изилдөө Актысы бекитилсин.
3. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, жер жана турак жай комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Ж.Дуйшеев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 29 августа 2007 года № 379 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "Об…Постановление · 29.08.2007 · № 379 · Утратил силу