# М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 04- августундагы № 25 ”Тальвег” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 04- августундагы № 25 ”Тальвег” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 25
- Дата принятия: 04.08.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.08.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/402669>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41802/edition/877233/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.08.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 04- августундагы № 25 ”Тальвег” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 04.08.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/402669

---

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ VII чакырылышынын 6 сессиясы

2017-жылдын 04- августу № 25 ”Тальвег” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө ”Тальвег” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү боюнча Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-августундагы №6 27-07-2017-жылдагы өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып, М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Тальвег” ЖЧКсына Чолпон-Ата айыл аймагынын Узун-Акмат участкасынан кен казуу иштерин жүргүзүүгө карата Кара-Күнгөй, Ак-Тектир, Чолпон-Ата, Мазар-Суу, Кушчу-Суу жана Балыкты айылдарынын тургундарынын айылдык кеңешке кайрылган нааразычылык билдирүүлөрү эске алынсын.

2. “Тальвег” ЖЧКсы Чолпон-Ата айыл аймагынын Узун-Акмат участкасынан кен казуу иштерин жүргүзүүгө өз учурунда жеткиликтүү маалыматтарды жеткизбегендигинен жергиликтүү калктын нааразычылыгы күчөгөндүгүнө байланыштуу кен иштетүү иштери токтотулсун.

3. Сессиянын токтомунун аткарылышы жана .“Тальвег” ЖЧКсына билдирүү жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовго жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

1. Бул токтом www.Cholponata.org/page сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

Төрага

С.Кылданов
