Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 04- августундагы № 25 ”Тальвег” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ VII чакырылышынын 6 сессиясы
2017-жылдын 04- августу № 25 ”Тальвег” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө ”Тальвег” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү боюнча Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-августундагы №6 27-07-2017-жылдагы өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып, М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Тальвег” ЖЧКсына Чолпон-Ата айыл аймагынын Узун-Акмат участкасынан кен казуу иштерин жүргүзүүгө карата Кара-Күнгөй, Ак-Тектир, Чолпон-Ата, Мазар-Суу, Кушчу-Суу жана Балыкты айылдарынын тургундарынын айылдык кеңешке кайрылган нааразычылык билдирүүлөрү эске алынсын.
2. “Тальвег” ЖЧКсы Чолпон-Ата айыл аймагынын Узун-Акмат участкасынан кен казуу иштерин жүргүзүүгө өз учурунда жеткиликтүү маалыматтарды жеткизбегендигинен жергиликтүү калктын нааразычылыгы күчөгөндүгүнө байланыштуу кен иштетүү иштери токтотулсун.
3. Сессиянын токтомунун аткарылышы жана .“Тальвег” ЖЧКсына билдирүү жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
1. Бул токтом www.Cholponata.org/page сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага
С.Кылданов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.