# Сарай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-февралындагы №4"Сарай айыл өкмөтүнүн тургундарынын ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Сарай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-февралындагы №4"Сарай айыл өкмөтүнүн тургундарынын ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 18.02.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.02.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/402613>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41749/edition/876819/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.02.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сарай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-февралындагы №4"Сарай айыл өкмөтүнүн тургундарынын ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 18.02.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/402613

---

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (VI-шайланган) кезектеги IV - сессиясы 2017-жылдын 18-февралы №4 Сарай айыл өкмөтүнүн тургундарынын ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө Сарай айыл өкмөтүнүн “Таза-Суу” ИСКАКБларынын башчысы А.Чодоновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т

1. Сарай айыл өкмөтүнүн тургундарынын ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрү көчөдөгү суу түтүгүнөн ичсе, ар бир адамга 15(он беш) сомдон, ал эми короосунун ичиндеги суу түтүгүнөн ичсе, ар бир адамга 25(жыйырма беш) сомдон тарифтери бекитилсин.

2. Сарай айыл аймагында калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн көчөгө коюлган суу түтүктөрүнөн түтүк улап короосуна алып кирүүгө тыюу салынсын жана өз алдынча улап алуучулардан 30000(отуз миң) сом өлчөмүндө айып пулу өндүрүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн “Таза-Суу” ИСКАКБларынын башчысы А.Чодоновго жүктөлсүн.

Төрөга

Э.Арзиев
