# Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 01- ноябрындагы № 135 "Токтогул шаарынын Муктарбек көчөсүндөгү №3-07-01-1001-2073 идентификациялык кодундагы имарат жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 01- ноябрындагы № 135 "Токтогул шаарынын Муктарбек көчөсүндөгү №3-07-01-1001-2073 идентификациялык кодундагы имарат жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 135
- Дата принятия: 01.11.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.11.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/402603>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41740/edition/876801/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.11.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 01- ноябрындагы № 135 "Токтогул шаарынын Муктарбек көчөсүндөгү №3-07-01-1001-2073 идентификациялык кодундагы имарат жөнүндө" токтому (ред. от 01.11.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/402603

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы

2017-жылдын 01- ноябры № 135 Токтогул шаарынын Муктарбек көчөсүндөгү №3-07-01-1001-2073 идентификациялык кодундагы имарат жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун, башка сунуш пикирлердиугуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1.Токтогул шаарынын Муктарбек көчөсүндөгү №3-07-01-1001-2073 идентификациялык кодундагы имарат муниципалдык менчикке өткөрүлүп алынсын.

2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалдык менчик объектине карата укуктарды ырастаган документтери алынсын, Токтогул райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

3. Токтогул шаарынын Таласбай кичирайонунан “Алатай” мамлекетттик жаратылыш паркынын имаратынын, гаражын жана башка курулуштары үчүн 0,50 га жер аянтын бөлүп берүү жагы Токтогул шаардык мэриясынан суралсын.

4.Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

6.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

7.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

Төрага

К.Дербишев
