# Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 01-ноябрындагы № 133 "2017-жылдын 9 ай ичинде аткарылган иштер боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин отчету жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 01-ноябрындагы № 133 "2017-жылдын 9 ай ичинде аткарылган иштер боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин отчету жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 133
- Дата принятия: 01.11.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.11.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/402601>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41738/edition/876797/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.11.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 01-ноябрындагы № 133 "2017-жылдын 9 ай ичинде аткарылган иштер боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин отчету жөнүндө" токтому (ред. от 01.11.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/402601

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы

2017-жылдын 01- ноябры № 133 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарылган иштер боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин отчету жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаев 2017-жылдын 9 ай ичинде аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жалпы аткарылган иштер жөнүндө отчет берди.

М.Калмурзаевдин отчетун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылдын 9 ай ичинде шаар аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча пландалган иштердин негизинен аткарылып жаткандыгы белгиленсин.

2. Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын.

3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

5. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага

К.Дербишев
