Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл Туу айылдык кеңешинин «Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарынын долбоорлорун бекитүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ кезектеги төртүнчү сессиясы 2017-жылдын 15-декабры № 4-1 Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарынын долбоорлорун бекитүү жөнүндө Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше, чыгашаларынын жана 2018-жылга жайыт комитетинин киреше, чыгашаларын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Кызыл Туу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2018-жылда айыл өкмөтүнүн трансферттер менен кошулуп кирешелери жана чыгашаларынын көлөмү 27478,5 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен бюджеттик каражат 11577,6 миң сомго, теңдөө грант эсебинен 13000,9 миң сомго, атайын каражат 2900,0 миң сомго бекитилсин.
2. Теңдөө грантынын көлөмү 13000,9 миң сом өлчөмүндө бөлүмдөр жана беренелер боюнча чыгымдар бекитилсин жана биринчи кезекте коргоого алынган беренелерди каржылоого (эл.энергия төлөмү, көмүр сатып алуу, эмгек акы жана социалдык фондко чегерүүгө) багытталсын.
3. Атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынышы эскертилсин.
4. Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрү боюнча 2900,0 миң сом балдардын тамак-ашына багытталсын, казыналык система аркылуу пайдаланылсын жана жергиликтүү бюджеттен балдардын тамак-ашына 1650,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
5. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акыларды жана үлүш жерлерден өндүрүлүүчү салыктарды өз убагында өндүрүү жагын камсыздоо өкмөт башчысына, айыл башчыларга жана салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
6. Айыл өкмөтүндө майрамдарды, белгилүү күндөрдү жана уюштуруу иштери үчүн 952,4 миң сом бөлүнүп берилсин. Айыл өкмөттүн аймагындагы мектептердин проектилери үчүн 60,0 миң сом,бала бакчалардын ар түрдүү чыгымдарына 60,0 миң сом, Алтын-уя бала бакчасына аренда акысына 60,0 миң сом бөлүнсүн. Маданият бөлүмүнө конкурстарды өткөрүү үчүн 100,0 миң сом. Спорт мектебинде, айылдарда спорт оюндарын жана улуттук оюндарды өткөрүп туруу үчүн 260,0 миң сом каралсын.
7. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жаратылыш кырсыктарын алдын алуу үчүн 250,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралсын, эгин талааларындагы арыктарды тартуу үчүн 350,0 миң сом, жана башка түрдүү чыгымдар болуп бардыгы 2065,6 миң сом бекитилсин.
8. Сел каналдарды казуу үчүн 150,0 миң сом, ички каналдарды тартуу үчүн 180,0 миң сом, жолдорду оңдоо иштери үчүн 670,0 миң сом, суу түтүктөрүн оңдоого 300,0 миң сом, айылдагы көпүрөлөрдү оңдоо үчүн 110,0 миң сом, түнкү жарыктандырууларды оңдоого 60,0 миң сом бөлүнүп берилсин. Айыл өкмөт аймагындагы мектеп, бала бакчаларга учурдагы ремонту үчүн 350,0 миң сом бекитилсин.
9. Орто-Азия айылындагы балдар бакчасын курулушун бүтүрүүгө 630,0 миң сом, Талаа-Булак айылына бала бакча ачуу үчүн имараттын ремонт иштерине 1000,0 миң сом, Достук балдар бакчасынын полдорун оңдоо иштерине 170,0 миң сом, бардыгы болуп 1800,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
10. Айылдарда жаңы түшкөн көчөлөргө электр зымдарын тартуу үчүн бетон таянычтарын алууга 400,0 миң сом, Орто-Азия, Мундуз айылдарынын тратуарына асфалть үчүн 350,0 миң сом, Мундуз айыл ФАПтын айланасын тосууга 150,0 миң сом каралсын.
11. Айыл өкмөттүн имаратынын ремонт иштерине 350,0 миң сом, Кызыл-Сеңир айыл спорт комплекстин курулуш иштерине 640,0 миң сом, Ак-Баш айыл спорт зал курулушцуна 330,0 миң сом, Торобаев мектебине ажааткана курууга 100,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
12. Айыл өкмөттүн жаңы бүтүрүлгөн имаратына жаны мебелдерди, компьютерлерди алуу үчүн 149,0 миң сом, кенсе жана чарба товарларын алуу үчүн 170,0 миң сом бөлүнүп берилсин. Айыл өкмөт аймагында малдарды жасалма жол менен уруктандыруу үчүн аппараттарын алууга 47,0 миң сом бөлүнсүн.
13. Бала бакча, мектептерге жабдууларды алуу үчүн 195,0 миң сом, китепканаларга жабдуу алуу үчүн 35,0 миң сом бөлүнсүн.
14. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 240,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
15. КР Өкмөтүнүн 2.05.2015-жыл №87 токтомуна ылайык электр энергиясы үчүн 2018-жылга айыл өкмөтүнөн электр энергияга бөлүнгөн 1415,0 миң сом б.а.561700 кВт лимит бекитилсин, лимит сактоо мекеме уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин жана лимит сакталсын, айыл өкмөт аймагындагы мектеп, бала бакчаларга, көмүр алуу үчүн 550,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
16. Айыл өкмөтүндө бир бала бакча жана Кызыл-Сеңир айлында бүткөн спорт комплексине КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-мартындагы №87 токтомуна ылайык электроэнергияга бөлүнгөн лимит жетишбегендигине байланыштуу КР Финансы Министрлигинен электр энергияга жетишбеген кВт лимит болдуруу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
17. Аз камсыз болгон, турмуш шарты оор үй бүлөлөргө жардам берүү үчүн 700,0 миң сом каралсын.
18. Башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлеринин штат бирдиги жана эмгек акысы КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомунун негизинде штат бирдиктери бекитилсин, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомунун негизинде 4973,6 миң сомго айлык акыларына, соц.фонд чегерүүсүнө 793,2 миң сом эсебинде бекитилсин.
19. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын №52 беренесине ылайык айыл өкмөтүндө 17 айыл башчы штат бирдиги кармалсын жана эмгек акысы жергиликтүү бюджеттен төлөнсүн.
20. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №78 ”Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктуна ылайык айыл өкмөтүндөгү муниципиалдык кызматкерлерди КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы №383 Токтому менен бекитилген баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык, жылдын жыйынтыгы менен баалоонун негизинде сый акылар төлөө үчүн 500,0 миң сом, социалдык фонд чегерүүсүнө 60,2 миң сом өлчөмүндө каражат каралсын.
21. КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-майындагы №75 ”Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 10-пунктуна ылайык айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин материалдык жактан колдоо максатында социалдык-тиричилик маселерин чечүү үчүн (кесиптик майрамдарга карата жана кышка даярдык көмүр-отун менен камсыз кылууга) эмгек акы фондунан 132,6 миң сом, социалдык фонд чегерүүсүнө 22,6 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралсын.
22. КР Өкмөтүнүн 31-январь 2012-жылдагы №66 токтомунун негизинде маданият кызматкерлерин 7 штат бирдиги кармалсын жана иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр менен айлык акылары 513,6 миң сом социалдык фонд чегерүүсүнө 88,6 миң сом эсебинде бекитилсин.
23. Айыл өкмөтүнүн башчысынын унаа чыгымдары КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун негизинде жумшоосу белгиленсин жана айыл өкмөтүндө айылдар алыс жайгашкандыгын эске алып, айыл өкмөт башчысынын орун басарына жана башкы соцадиси долбоорлор, мектептер менен иштөө үчүн өзүнүн жеке менчик автоунаасын айыл өкмөтүнүн жумуштарына пайдалангандыгы үчүн КР Өкмөтүнүн 18-сентябрь 2006-жылдагы №672 токтомунун негизинде күйүүчү май үчүн компенсация төлөп берилсин.
24. Өкмөт башчысына, өкмөттүн орун басарына, айылдык кеңешке сапар чыгымдарына жана маршуруттук жол кирээ чыгымдары үчүн 140,0 миң сом бекитилсин.
25. Аппарат бөлүмүнө электрондук системага өткөндүгүнө байланыштуу интернет төлөмү үчүн 30,0 миң сом, мектептер, райондор, айыл башчылар менен байланышып туруу үчүн айыл өкмөт башчысына 600 сом, орун басарына 500 сом, ФЭБ бөлүм башчысына 500 сом, айылдык кеңештин төрагасына 500 сомдон уюлдук телефон чыгымдарына айына төлөп берилсин.
26. Жайыт комитетинин 2018-жылга киреше планы жана чыгашалары 547,1 миң сомго бекитилсин. Жайыт жерлерди ижарага берүүдө келишим түзүү жайыт комитетине милдеттендирилсин жана социалдык фонд төлөмүн ижарачы өзү төлөөрү келишимде көрсөтүлсүн.
27. Жыл ичинде пландык көрсөткүчтөрдөн кошумча жыйналган кирешелер КР КМ № 101-П буйругу менен бекитилген жобого жана КР КМ № 05-06-6/3323 сандуу катынын негизинде Финансы министрлиги менен макулдашуу аркылуу жана айылдык кеңештин сессиясынын чечими менен пайдалануу эскертилсин.
28. КР 2014-жылдын 21-ноябрь №158 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештин төрагасына сессияларды өткөрүү үчүн жумуш күнүнө айыл өкмөтүнүн эсебинен компенсация төлөп берүү жагы каралсын.
29. КР Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2019-жылдын 1-январына карата 255,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
30. Жергиликтүү бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүүгө айылдык кеңештин сессиясына сунуш берүү айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
31. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануу айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына, айыл өкмөт башчысына, финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
32. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
А.Маканбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 6 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (6)
- Закон «О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 21.11.2014 · № 158
- Закон «О государственной гражданской службе и муниципальной службе»Закон · 30.05.2016 · № 75 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 30 декабря 2011 года №767 "О мерах по экономии средств государственного бюджета за счет сокращения служебного и дежурного автотранспорта…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 28 июня 2013 года № 383 "О мерах по совершенствованию системы оплаты труда государственных и муниципальных служащих Кыргызской Республики на…Постановление · 28.06.2013 · № 383 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 7 августа 2017 года № 466 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об оценке деятельности и условиях оплаты…Постановление · 07.08.2017 · № 466 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 8 июля 2013 года № 403 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении типовой структуры и штатной…Постановление · 08.07.2013 · № 403 · Утратил силу