# Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 59 "Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 59 "Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 59
- Дата принятия: 26.12.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.12.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/40212>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4329/edition/766910/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.12.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 59 "Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 26.12.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/40212

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы(IV чакырылыш)

2016-жылдын 26-декабры № 59 Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2016-жылдын 6-декабрындагы №14 жана 2016-жылдын 14-декабрындагы №16-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ош шаарынын бюджетинен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын чатырын оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн каражаттын эсебинен үнөмдөлгөн 300 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын аягына чейинки ар түрдүү иш-чараларын каржылоо үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын жаңы Жобосунун негизинде түзүлүп жаткан жумушчу тобунун эмгек акысына ай сайын жергиликтүү бюджеттен төмөндөгүдөй үстөк акы белгиленсин:

-жумушчуларга 6875 сом. -айдоочуларга 4625 сом.

3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Батыров) жүктөлсүн.

Төрага

Ж. Ормонов
