# Жылалды айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июлундагы № 19 "Калктын таза суу менен камсыз болушу боюнча Прогресс айылына суу колонкаларынын ремонтуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жылалды айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июлундагы № 19 "Калктын таза суу менен камсыз болушу боюнча Прогресс айылына суу колонкаларынын ремонтуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 19
- Дата принятия: 21.07.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.07.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/401931>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41182/edition/887093/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.07.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жылалды айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июлундагы № 19 "Калктын таза суу менен камсыз болушу боюнча Прогресс айылына суу колонкаларынын ремонтуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 21.07.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/401931

---

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жылалды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2017-жылдын 21-июлу № 19 Калктын таза суу менен камсыз болушу боюнча Прогресс айылына суу колонкаларынын ремонтуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Жылалды айылдык кенешинин ( VI шайланган) кезектүү VI - сессиясынын күн тартибиндеги калктын таза суу менен камсыз болушу боюнча Прогресс айылына суу колонкаларын ремонтуна акча каражатын бөлүп берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1999-жылдын 25-марты № 33 Ичүүчү суу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 81,

2003-жылдын 28-июнундагы № 118, 2009-жылдын 20-июлундагы № 240, 2011-жылдын 12-ноябрындагы № 206, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) III бөлүмдүн Иүүчү суунун сапатын камсыз кылуу жана ага контролдук жүргүзүү боюнча 14- статьясынын негизинде, калктын таза суу менен камсыз болушу боюнча Прогресс айылына суу колонкаларын ремонтуна 5000 (беш миӊ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеёешинин социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

М. Акназаров
