# Кароол айылдык кеңешинин 2017-жылдын 14-августундагы № 10/1 "Кароол айыл аймагындагы Шералы айылындагы “Ийри-Талаа” ИСКАКБнын айылды суу менен камсыздоо системаларын айыл өкмөттүн балансына өткөрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кароол айылдык кеңешинин 2017-жылдын 14-августундагы № 10/1 "Кароол айыл аймагындагы Шералы айылындагы “Ийри-Талаа” ИСКАКБнын айылды суу менен камсыздоо системаларын айыл өкмөттүн балансына өткөрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 10/1
- Дата принятия: 14.08.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.08.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/401799>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-41050/edition/880478/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.08.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кароол айылдык кеңешинин 2017-жылдын 14-августундагы № 10/1 "Кароол айыл аймагындагы Шералы айылындагы “Ийри-Талаа” ИСКАКБнын айылды суу менен камсыздоо системаларын айыл өкмөттүн балансына өткөрүү жөнүндө" токтому (ред. от 14.08.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/401799

---

КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кароол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

2017-жылдын 14-августу № 10/1 Кароол айыл аймагындагы Шералы айылындагы “Ийри-Талаа” ИСКАКБнын айылды суу менен камсыздоо системаларын айыл өкмөттүн балансына өткөрүү жөнүндө Кароол айыл аймагындагы Шералы айылындагы “Ийри-Талаа” ИСКАКБнын айылды суу менен камсыздоо системаларын айыл өкмөттүн балансына өткөрүү маселесин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынында каралып жана талкууланып, КРӨнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №59 “Айылды суу менен камсыздоо системаларын ИСАКБнын балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык Кароол айылдык кенешинин кезексиз 10-сессиясы. ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароол айыл аймагындагы айылды таза суу менен камсыздоо системаларын “Ийри-Талаа” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан айыл өкмөттүн балансына өткөрүп алуу сунушталсын.

2. Айылды таза суу менен камсыздоо системаларын өткөрүп алуу, аны айыл өкмөттүн муниципалдык менчигин каттоо реестирине киргизүү, ИСКАКБнын менен өз ара кызматашуу жөнүндө типтүү келишимди иштеп чыгып аны бекитүү жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Мурзабековго тапшырылсын.

3.Айылды суу менен камсыздоо системалары айыл өкмөтүнүн менчигине өткөзүлүп берилген учурдан баштап, айыл өкмөтү аларды ичүүчү суунун керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесине өткөрүп береери белгиленсин.

4.Токтомду көзөмөлдөө жагы суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Рысалиев.) жүктөлсүн.

Төрага

А. Акматалиев
