Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кароол айылдык кеңешинин «Кароол айыл аймагындагы Шералы айылындагы “Ийри-Талаа” ИСКАКБнын айылды суу менен камсыздоо системаларын айыл өкмөттүн балансына өткөрүү жөнүндө» токтому
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кароол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2017-жылдын 14-августу № 10/1 Кароол айыл аймагындагы Шералы айылындагы “Ийри-Талаа” ИСКАКБнын айылды суу менен камсыздоо системаларын айыл өкмөттүн балансына өткөрүү жөнүндө Кароол айыл аймагындагы Шералы айылындагы “Ийри-Талаа” ИСКАКБнын айылды суу менен камсыздоо системаларын айыл өкмөттүн балансына өткөрүү маселесин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынында каралып жана талкууланып, КРӨнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №59 “Айылды суу менен камсыздоо системаларын ИСАКБнын балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык Кароол айылдык кенешинин кезексиз 10-сессиясы. ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл аймагындагы айылды таза суу менен камсыздоо системаларын “Ийри-Талаа” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан айыл өкмөттүн балансына өткөрүп алуу сунушталсын.
2. Айылды таза суу менен камсыздоо системаларын өткөрүп алуу, аны айыл өкмөттүн муниципалдык менчигин каттоо реестирине киргизүү, ИСКАКБнын менен өз ара кызматашуу жөнүндө типтүү келишимди иштеп чыгып аны бекитүү жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Мурзабековго тапшырылсын.
3.Айылды суу менен камсыздоо системалары айыл өкмөтүнүн менчигине өткөзүлүп берилген учурдан баштап, айыл өкмөтү аларды ичүүчү суунун керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесине өткөрүп береери белгиленсин.
4.Токтомду көзөмөлдөө жагы суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Рысалиев.) жүктөлсүн.
Төрага
А. Акматалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.