Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Корул айылдык Кеӊешинин «Кең-Жылга айылынын тургундарынын арыздарын канаттандыруу боюнча Маматумаров Жумаалы, Аматбеков Абдибек, Абласанов Арзибектердин гараж салуу үчүн берилген жерге айылдык Кеңештин депутаттарынын сунушу боюнча курулуш курууну токтотуу жөнүндө» токтому
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2017-жылдын 14-июну № 8/2 Кең-Жылга айылынын тургундарынын арыздарын канаттандыруу боюнча Маматумаров Жумаалы, Аматбеков Абдибек, Абласанов Арзибектердин гараж салуу үчүн берилген жерге айылдык Кеңештин депутаттарынын сунушу боюнча курулуш курууну токтотуу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 Мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Кең-Жылга айылынын тургундары Маматумаров Жумаалыга, Аматбеков Абдибекке, Абласанов Арзибектерге гараж салуу үчүн берилген жерге курулуш курууну токтотуу боюнча Корул айылдык Кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кең-Жылга айылынын тургундары Маматумаров Жумаалыга жеңил конструкциядагы дүкөнчө жана гараж, Аматбеков Абдибекке, Абласанов Арзибектерге гараж салуу үчүн берилген жерге курулуш куруу иштери мыйзам чегинде такталганча токтотулуп, эгер мыйзамсыз болсо курулган курулуштары алынып салынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана башкы жер адис Э.Шариповго милдеттендирилсин.
Төрага
Т. Маназаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 16.11.2011 · № 213 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу