# Корул айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 8/1 "Корул айыл өкмөтүнө таштанды таштоочу жерди аныктоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Корул айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 8/1 "Корул айыл өкмөтүнө таштанды таштоочу жерди аныктоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8/1
- Дата принятия: 14.06.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.06.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/401481>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-40736/edition/870271/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.06.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Корул айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 8/1 "Корул айыл өкмөтүнө таштанды таштоочу жерди аныктоо жөнүндө" токтому (ред. от 14.06.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/401481

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

2017-жылдын 14-июну № 8/1 Корул айыл өкмөтүнө таштанды таштоочу жерди аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 Мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, айыл өкмөтүнө таштанды таштоочу жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын Атаке участкасындагы Айдаралиев Чубак ушул мезгилге чейин өз алдынча иштетип келген 0,50 га жер участогу Корул айылынын тургундары үчүн таштанды таштоочу жай болуп айланасы тосулуп ишке киргизилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана башкы жер адис Э.Шариповго милдеттендирилсин.

Төрага

Т. Маназаров
